Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы «Келечек» жаңы конушундагы №87 башталгыч мектептин кошумча имаратынын долбоорун иштеп чыгууга тендер жарыялады.
Сынак чектөөсүз, эки пакеттик сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 17-июнда жарыяланды. Сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 1-июлуна чейин. Тендер 276 800 сомго жарыяланды.
Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган: www.zakupki.gov.kg