Биринчи май акимиатынын жыйындар жайында Ленская көчөсүн оңдоо боюнча отурум өттү.

Жумушчу кеңешмеге райондун акими Максатбек Сазыкулов, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин, Көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын, «Бишкекбашкырхитектура» мамлекеттик мекемесинин, «Бишкексууканал» ӨЭБнын  өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Фучик көчөсүнөн баштап ЧЧКга чейинки узундугу 1000 метрди түзгөн Ленская көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү маселеси талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгы менен шаар тургундарына канализацияга туташтыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынып, андан соң Ленская көчөсүн капиталдык оңдоону баштоо пландалууда.

Белгилей кетсек, буга чейин  “Бишкексууканал” башкармалыгы  канализациялык коллекторду куруу иштерин жүргүзгөн, учурда жолду капиталдык оңдоо маселеси курч турат.