Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев Кара-Жыгач  токоюнун жанында жайгашкан үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү бийликтин токтомдорунун алкагында жеке турак жайларга берилген жер тилкелерине техникалык паспорт берүү маселеси каралды.

Шаардыктардын пикирин уккан мэр «Кара-Жыгач токою» сейил багынын бекитиле элек чек арасын тактап, андан соң "Өз алдынча  курулган жеке турак үйлөрү бар жер участокторун мыйзамдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде техникалык паспортторду берүүнү баштоо керектигин белгиледи.

Чек араларды бекитүү үчүн КР мыйзамдарынын алкагында белгилүү бир процедурадан өтүү керек.

Белгилей кетсек, 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кара-Жыгач токоюнун  аймагынан жеке турак жайларды куруу үчүн жер тилкелерин берүү каралган эмес.

Эске салсак, техникалык паспортту даярдоо мыйзамдаштырууга укук бербейт, анда кыймылсыз мүлк тууралуу техникалык маалыматтар гана камтылган. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.