Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Мындай иштердин натыйжасында шаардыктар тарабынан Медеров жана Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги контейнер, Табышалиев №72 жана Турусбеков менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил объекттер өз ыктыяры менен демонтаждалды.

Ал эми инспекция тарабынан Алыкулов жана Краснодарская көчөлөрүнүн кесилишиндеги кийим реставрациялоочу жеңилдетилген типтеги  объектиси, Чүй проспектисиндеги ГУМ универмагынын жанындагы балмуздак күркөсү  жана «Чыгыш-5» кичи районундагы күркө  алынып салынды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан бардык кайрылуулардын  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.