Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов пландуу  жыйын менен  «Достук» кичи районуна барды.

Аким  №2/2 үйдүн жашоочулары менен жолукту.

Жолугушууда эң маанилүү маселелердин бири суу менен камсыздоо тармагын «Бишкексууканал» ӨЭБнын балансына өткөрүү жана “Түндүк электр” ААКсы тарабынан тейлөө кызматына өтүү тууралуу болду. Ошондой эле, шаардыктар турак жайга укук белгилөөчү документтерди алууга көмөк көрсөтүүнү суранышты.

Район башчысы тургундардын бардык кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чечилерин белгиледи.

Урматтуу шаардыктар! Шаар турмушуна байланышкан бардык маселелер боюнча 1840, 1850 колл-борборунун кыска номурларына чалып, фото жана видеолорду WhatsApp: 0554 182185 номерине жөнөтсөңүз болот.