"Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасы  7-Апрель көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгүн көчөнүн чыгыш тарабынан өткөөлгө чейин кеңейтти. Ошондой эле, "Мадина" базарынын алдында металл тосмолор орнотулду.

Айтып кетсек буга чейин 7-Апрель көчөсүнө параллель көчө жол жүрүү үчүн жабык болгон.

Ишкана өндүрүштүк планга ылайык,  жолдордогу чуңкурларды жамап,  жол белгилерин түшүрүп, жол белгилерин орнотуу иштерин улантууда.

Урматтуу шаардыктар! "Бишкасфальтсервис" МИнин иши боюнча bishkekasfaltservis баракчасына кайрылсаңыздар болот.