Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Бишкек жүргүнчүлөр авто транспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасы жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн биринчи этапта 100 даана автобус сатып алса, экинчи этапта дагы 100 даана сатып алууну  пландап жатат. Бардык кызыккан жарандар «БЖАИ» муниципалдык ишканасынын bpatp@meria.kg электрондук дарегине кайрылса болот. Сизге унаанын техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча талаптар жөнөтүлөт.

Мөөнөттөрдүн шашылыштыгына жана тардыгына байланыштуу, арыздар 2022-жылдын 22-июнунда саат 23:00гө чейин кабыл алынаарын маалымдайбыз.