Шаардын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Инспекторлор тарабынан мыйзамсыз курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча күн сайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.
Тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн «Бузуулар жөнүндө» Кодексинин 114-беренесине ылайык, «Даберман» дүкөнүнө, К.Жакыпов атындагы паркка, «Глав Пив Трест» ресторанына, Исакеев көчөсү 4/3 дарегиндеги техникалык тейлөө станциясына, шаар тургундары  Айталиева И., Аскар к.Н. 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынды.

Абдрахманов жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Подземка» ишканасы 115-берененин 1-бөлүгүнө ылайык тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге ыргыткандыгы үчүн 17 миң сом өлчөмүндө жоопкерчилик тартат. Ушул эле берененин 2-бөлүгүнө ылайык, Ак-Ордо конушунун жашоочусу курулуш таштандыларын ыргыткандыгы  үчүн 7500 сомго жоопкерчилик тартат.

Ал эми 179-беренесинин 2-бөлүгү боюнча казуу иштери үчүн  «Угур Жума Юсуф» ишканасына 17 миң сомго айып салынды.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланышкан кайрылууларды  төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.