Шаардык спорт мектептердин директорлору жана кызматкерлери, департаменттин  кызматкерлери Ысык-Көлдүн жээгине көчмө семинарга чогулушту.

Семинарлар «Допингге каршы улуттук эрежелер», «Мамлекеттик тилде иш алып баруу» жана «Коррупцияга каршы аракеттенүү» деген 3 темада өткөрүлдү.

Семинар Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменттин директору Мирлан Пархановдун демилгеси менен уюштурулуп, иш-чараны өзү ачты.

Допингге каршы эрежелер тууралуу Допингге каршы улуттук борбордун директорунун орун басары Айнагүл Рыскулова айтып берди.

Катышуучуларга улуттук антидопинг эрежелери, дүйнөдөгү жана Кыргыз Республикасындагы антидопинг системасы, негизги документтер, тыюу салынган заттар жана ыкмалар тууралуу маалыматтар дагы берилди.

“Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү” боюнча семинарды Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элмира Ниязбекова өттү.

Катышуучулар мамлекеттик тил боюнча эрежелер жана мыйзамдар менен таанышып, билимдерин лектордун көнүгүүлөрү менен бекемдешти. Семинар кызуу талкуу менен аяктады.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча семинарды КРнын  Президентине караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин адиси Жылдызкан Эгембердиева өткөрдү.

«Коррупцияга каршы күрөшүүнүн укуктук негиздери» деген темада доклад боюнча,  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык документтер жана ички мыйзамдар тууралуу маалымат берилди. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын негиздерине токтолуп, коррупцияга каршы күрөшүүдө ийгиликтүү эл аралык тажрыйба менен бөлүштү.