Айни көчөсүндөгү үйдүн короосунда балдардын спорттук жана оюн аянтчасынын салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Айбек Ашимов жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты.

Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функциялуу оюн аянтчасынын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчанын тартиби, ошондой эле жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.

Көп функционалдуу аянтчанын ачылышы концерттик  программа менен коштолду.