Борбор калаада Чыңгыз Айтматов атындагы №1 шаардык китепкананын модернизациядан кийин салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чараны борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева ачты. Ошондой эле, Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштер боюнча департаментинин директору Мирлан Парханов, Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Аскарбек Күрүчбеков жана башкалар катышышты.

Китепкананы жаңылоо үчүн мэрия тарабынан 2 000 000 сом бөлүнүп, 500 000 сомго китепкана оңдолуп, тендердик документация боюнча 1 500 000 сомго керектүү жабдуулар жана эмеректер алынган.

Эми келген коноктор интернетке туташкан ноутбуктар, планшеттер менен пайдалана алышат. Ыңгайлуу столдор менен отургучтар дагы коюлду.

Маалымдама: 1946-жылы М.В.Фрунзе атындагы №1 шаардык балдар китепканасы болуп ачылган.
1960-жылы Л.Н.Толстой атындагы китепкана болуп өзгөргөн.
1978-79 жылдары БКТ түзүлүп, курамына кирген.
1993-жылы китепкана Айтматов атындагы китепканасы болуп өзгөртүлгөн. Салтанаттуу жыйынга Чыңгыз Төрөкулович өзү катышып, ошондон бери китепкананын ишинин негизги багыты жазуучунун чыгармаларын элге жайылтуу болуп келет.