Биринчи май районунда жеңилдетилген кызыл карталарды берүү боюнча “Тулпар” тейлөө борбору иштей баштады. Борбор Биринчи май райондук администрациясынын имаратында жайгашкан.

Азыр шаарда бардык  «Тулпар»  4 тейлөө борбору толук кандуу иштеп жатат:
- Ленин району - Чүй пр., 315 (Ленин акимиаты);
- Свердлов району - Чүй пр., 28 (Свердлов акимиаты);
- Биринчи май району - Жибек Жолу проспектиси 348 (Биринчи май акимиаты);
- Октябрь району - Байтик Баатыр проспектиси, 17 (Октябрь акимиаты).

Эскерте кетсек, көрсөтүлгөн пункттардан жеңилдетилген Тулпар картасын алып, балансыңызды толуктап турасыз, ошондой эле стандарттык картаны сатып алсаңыз болот.

Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап автобус жана троллейбустарда накталай төлөмдөр алынып салынат. Ыңгайлуу болуу үчүн көрсөтүлгөн күнгө чейин транспорт картасын сатып алууну жана Тулпар системасынын иши менен таанышып чыгууну суранабыз.