Борбор калаанын мэриясы атайын адистер менен биргеликте тротуарларды оңдоодо жана бордюрларды төшөөдө колдонула турган ыкманы иштеп чыгууну пландоодо.

Бул техника акчаны үнөмдөөгө жана шаардык кызматтардын ишмердүүлүгүн оптималдаштырууга багытталган.

Ыкма иштелип чыккандан кийин, Горький  көчөсүнүн пилоттук участогуна  асфальтбетон жол бордюрларын чыгарууну жана төшөөнү киргизүү пландаштырылууда. Ошондой эле, бул бөлүктө тротуарлар төшөлүп, сугаруу пластик түтүктөрдү колдонуу менен, инженердик коммуникациялар жер астына төшөлөт.

Эксперименталдык технологияны ишке киргизүү сапатка, өндүрүштүн ылдамдыгына жана бордюрларды  төшөөгө таасирин тийгизет, ошондой эле финансылык жана эмгек чыгымдарын бир топ үнөмдөйт.