Жайкы каникулдун башталышы менен Биринчи май районунун аймагында жайгашкан И.Панфилов атындагы сейил багында шаар тургундарына жана борбор калаанын конокторуна, өзгөчө социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн атайын акция уюштурууда.

Ар шаршемби күнү саат 11:00дөн 18:00гө чейин бардык аттракциондорго 50% арзандатуу болот, башкача айтканда, төлөм баасы 80 сом эмес, 40 сомду түзөт.

Айлануучу мунара, мини-зоопарк жана 12D кинотеатры 70 сомдон.

Акция жайдын аягына чейин уланат.

Белгилей кетсек, бардык аттракциондор жана механизмдер тиешелүү техникалык экспертизадан өткөн.

Урматтуу шаардыктар, балдар жана борбордун коноктору! Сиздерди биздин аттракциондорубузда көңүлдүү эс алууга чакырабыз!