Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов  шаар тургундары, активисттер, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин жыйындар жайында жолугушту.

Жолугушуу салттуу “суроо-жооп” түрүндө өтүп, анда бардык кызыкдар жарандар эң актуалдуу жана көйгөйлүү суроолорун берип, администрациянын ишине карата сын-пикирлерин жана сунуштарын айтышты.

Жолугушууга борбор калаанын мэриясынын шаардык кызматтарынын жана муниципалдык ишканаларынын жетекчилери, укук коргоо органдарынын катышты.

Негизинен тротуарларды жана жолдорду оңдоо, инженердик коммуникациялар, жол жана коомдук коопсуздук, балдар аянтчаларын куруу, скверлерди уюштуруу жана көчөлөрдү жарыктандыруу, борбордук канализация, мектеп жана бала бакчалардын курулушу, коомдук транспорт маселелери боюнча кайрылышты.

Ошондой эле, жеринде жашоочулар жазуу жүзүндөгү кайрылууларды тапшырышты.

Район башчысы райондук кызматтардын жетекчилерине бардык көтөрүлгөн маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасын берип, протоколго киргизилди.