Акыркы убакта троллейбус  жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган жол-транспорт кырсыктары көп болгондуктан, Бишкек троллейбус башкармалыгы айдоочулар менен акыркы аялдамаларда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, Башкармалыктын  кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин сактоо, троллейбус каттамдарын коопсуз айдоо, жүргүнчүлөрдү аялдамаларга отургузуу жана түшүрүү жөнүндө эскертет.

Мындан тышкары, жумуш ордунда тамеки тарткан айдоочулар катуу жазаланарын эскертишти.

Мындай иш Ак-Өргө, эт комбинаты, Туңгуч, Асанбай жана Жал кичи райондорунун акыркы аялдамаларында өттү.