Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти кыймылдуу курамдын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу боюнча тапшырмаларды аткаруу максатында коомдук транспортторду, тактап айтканда, кичиавтобустарды кезектеги текшерүүдөн өткөрдү.
Кээ бир кичиавтобустардын отургучтары сынып, ичи кирдеп, кармагыч туткалары сынып  калган.

Айдоочулар бузулууларды жана кирди дароо байкашпайт, алар дайыма эле техниканы тез арада алмаштырууга үлгүрбөй калышат, мындай жагдайлардан улам жарандар мындай унааларда өзүн ыңгайсыз сезишет, ошондой эле көптөгөн жарандар тараптан жогорудагы фактылар  фото жана видеого тартылып келүүдө.

Биз өз тарабыздан жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берип, бардык коомдук транспорттордун ишин көзөмөлдөөгө аракет кылабыз.

Эске салсак, жеке жүк ташуучуларга унаанын сырткы көрүнүшүн бирдиктүү түскө келтирүү, ошондой эле салонун бир сапка келтирүү (орундарды, терезелерди, жүргүнчүлөр үчүн маалымат, маршруттук белгилерди жаңыртуу) тапшырмасы берилген. Жарандар өзгөрүүлөрдү баалап, коомдук транспортко зыян келтирген учурлар азаят деген үмүттөбүз.