Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Эмилбек Абдыкадыровдун батут ээлери менен жолугушуусу өттү.

Жолугушууда батуттардын мындан аркы тагдыры талкууланды. Батут ээлери аларды иштетүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен мэрге кайрылышкан.

Өз кезегинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаты  Таалай Темиркулов батуттар мыйзамдуу иштеши үчүн тиешелүү жобо иштеп чыгууга даяр экенин билдирди.

Мэр депутатка бул демилгени 29-июнда боло турган жыйынга алып чыгып, жобону иштеп чыгып, бекитүүнү сунуштады.
Эске салсак, шаарда батут иштеткен 15 пункт бар.