Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Испания Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегро мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек менен Испаниянын шаарларынын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.

Мэр Бишкек шаарынын мэриясы менен Мадрид шаарынын мэриясынын ортосунда тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдирди.