Биринчи май акимчилигинде башчынын орун басары Аида Рысбаеванын жетекчилиги  алдында Пробация кеңешинин кезектеги отуруму өттү.

Пробациянын кардарларына жардам берүү маселеси бүгүнкү күндө бүтүндөй коом үчүн абдан актуалдуу жана маанилүү, алар бардык багыттар боюнча жардамга жана колдоого муктаж.

Жыйындын жүрүшүндө  пробациянын 3 кардарынын маселелери каралып, аларга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүү, паспорт алууга көмөк көрсөтүү жана мамлекеттик жардам маселелери боюнча консультация берүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында Биринчи май районунун тиешелүү аймактык органдарына кабыл алынган чечимдерди өз мөөнөтүндө аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Бекитилген планга ылайык, Биринчи май райондук пробация кеңеши кварталда бир жолу өткөрүлөт.

Маалымдама: Пробация – сот тарабынан белгиленген пробация мөөнөтүнө соттолгон адам атайын органдардын көзөмөлүнө алынуучу шарттуу жазанын түрү.
Пробация төмөндөгүдөй чагылдырууга болот:
- жазык жазасынын түрү;
- альтернативдик жазаны аткаруу системасы;
- кылмыштуулукту алдын алуу  чаралары;
- соттолгондорду оң жолго салуу процесси;
- социалдык-укуктук көзөмөлдөө формасы.

Пробация тергөөдө жаткан адамдын же соттолгон адамдын жүрүм-турумун көзөмөлдөөдөн, ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруудан, анын жүрүм-турумун оң жолго салуудан, коомго адаптациялоого көмөк көрсөтүүдөн жана анын кайталанма кылмыштарды жасоосуна бөгөт коюудан турат.