Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков борбор калаанын муниципалитетинде интернет камсыздоочулары менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар учурда тротуар жана ирригация төшөлүп жаткан Горький көчөсүнүн  эксперименталдык бөлүгүнө интернет байланышын жер астына жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Интернет камсыздоочулар бул маселени кийинки техникалык кеңеште карай турганын билдиришти.