«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ю.Фучик көчөсүн бойлой жайгашкан «Аска-Таш» комплексинде IP коргоо менен жаңы светодиоддук лампаларды орнотуу иштерин жүргүзүштү.

Электриктер 35 даана бетон негиздерин, 20 даана светодиоддуу чырактары менен торшердик түркүк, 60 даана IP корголгон софит орнотушту, 350 метр электр чубалгыларын жер астына тартышты.

Ошондой эле жашыл мейкиндиктерди жарыктандыруучу жашыл жарык берүүчү 40 даана антивандалдык прожекторлорду орноттук.

«Аска-Таш» саймалуу таштын (петроглифтер) стилдештирилген тоо комплексинин жарыктандыруусу жана стилдештирилген күн түрүндөгү элемент жана оймо-чиймелер жаңыртылды. Түнкүсүн жарыктандыруу үчүн 400 метр узундуктагы оймо-чиймелерди тегерете сары жарык чыгаруучу дюралайт жана 10 прожектор орнотулду.

Ишкананын цехинде атайын ыкма менен торшердик түркүк жасалды. Биздин мастерлер металлды плазма менен кесүүнү колдонушту. Торшерлер хайтек үлгүсүндө жасалып,  "ак бермет"  полимердик боек менен капталды.