Борбор калаада профессионалдар жана ышкыбоздор арасында "Топтук 20 км жарыш" велоспорту боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин  ачык чемпионаты өттү.

Мелдешке 54 спортчу катышты.

Веложарыш сергек жашоо образын калыптандыруунун маанилүү фактору катары дене тарбия жана спортту жайылтуу максатында өткөрүлдү. Ошондой эле калк арасында велоспортту жайылтуу жана велоспорт боюнча эң күчтүү ышкыбоз спортчуларды жана профессионалдарды аныктоо.

Профессионалдар арасындагы веложарыштын жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

- Ажмал Ромал – 1 орун;
- Оролов Эрлан  – 2 орун;
- Ажмал Лемар – 3 орун.

Ышкыборздордун арасында:

- Чалова Алимина –  1 орун;
- Шереметова Елизавета – 2 орун;
- Маткаримов Сардор – 3 орун.

Борбор калаанын мэриясы жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы жеңиштерди каалайт!