Сургут шаарындагы (РФ) «Премьер Арена» спорт комплексинде мырзалар жана айымдар арасында бильярд спортунун «Эркин пирамида» классы боюнча дүйнөлүк чемпионат болуп өттү.

Ага 12 өлкөдөн 72 спортчу катышты. Бишкектен бильярд спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин 11 тарбиялануучусу катышышты.

Жыйынтыгында “Эркин пирамида” классында мырзалар жана айымдар арасында Мадаминов Азиз 3-орун, Сагынбаев Каныбек 9-орунга ээ болушту.

Мелдеш бильярд спорту жаатындагы эл аралык мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо, дүйнө өлкөлөрүндө «Эркин пирамида» бильярд оюнун өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле “Эркин пирамида” боюнча эң күчтүү оюнчуларды аныктоо максатында өткөрүлдү.

Иш-чараны Эл аралык пирамида конфедерациясы, Россия Федерациясынын Спорт министрлиги, Орусиянын Бильярд спорт федерациясы, Ханты-Мансийск автономиялык округунун дене тарбия жана спорт департаменти уюштурду.