25-июнь күнү саат 17:00дө Адинай сейил багында Эл аралык Олимпиада күнүнө арналган спорттук фестиваль өтөт.

Иш-чарага олимпиада оюндарында жеңишти багындырган Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудовдун катышуусу күтүлүүдө.

Мелдештин программасына стол тенниси, текбол, стритбол, балдар үчүн жеңил атлетика, кичи футбол жана стритворкаут боюнча спортчулардын көрсөтмөлүү оюндары кирет.

Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Сиздерди бош убактыңызды көңүлдүү өткөрүүгө чакырабыз.