Бишкек троллейбус башкармалыгында коомдук транспортто накталай эмес төлөмгө өтүү маселеси боюнча жолугушуу болуп өттү.

Кеңешме айдоочулардын жана "Тулпар" компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө "Тулпар" компаниясынын өкүлү башкармалыктын айдоочуларына накталай эмес төлөө ыкмаларын түшүндүрүп берди.

Андан кийин жолугушуу "суроо-жооп" форматында улантылды, анда айдоочулар суроо берип, жооп алышты.