«Тазалык» муниципалдык ишканасы эс алуу жайларында отургучтарды жана таштанды челектерин сырдоо иштерин улантууда.

Ата-Түрк паркында  ишкананын кызматкерлери тарабынан 18 отургуч жана 22 таштанды челеги сырдалды. Мындан сырткары тазалыкчылар  26 отургучту оңдоп - тактайларды, айрым жерлеринде керамограниттерди алмаштырышты.

Жаштар аллеясында отургучтар, таштанды челектери сырдалууда. 35 отургуч, 10 чатырча (беседка), 52 таштанды челегин сырдоо пландалууда. Фонтандын айланасындагы гранит плиталары да жарым-жартылай алмаштырылат.

Урматтуу шаар тургундары! Шаардын мүлктөрүнө аяр мамиле кылууңуздарды  суранабыз!