Бишкекте борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда Аламүдүн дарыясына көпүрө куруу менен Сухэ-Батор көчөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

“Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында Сухэ-Батор  көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Каралаев көчөсүнө чейинки бөлүгү көпүрө куруу менен реконструкцияланды. Төрт тилкелүү жол жаңыдан курулуп, Каралаев жана 7-апрель көчөлөрүн бириктирди.

Жолдун узундугу 700 метр, жүрүүчү бөлүктүн туурасы ЧЧК жээгинин эки тарабында 8 метр, туурасы жалпысынан 16 метр. Жолдун эки тарабына туурасы 2,25 метр тротуар жана ирригация төшөлдү.

Белгилей кетсек, көпүрө аркылуу Сухэ-Батор көчөсү 7-апрель көчөсү менен байланышып, ал аркылуу шаардыктар борбор калаанын чыгыш тарабына кире алышат. Ошондой эле, бул жол тыгындарын азайтуу боюнча чечимдердин бири болуп саналат.
Долбоордун экинчи фазасынын алкагында Кытай Эл Республикасынын грантынын эсебинен жалпы узундугу 70 чакырымды түзгөн 60 көчө реконструкцияланып, 5 көпүрө курулат.

Бишкек шаарынын мэриясы Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жана China Road & Bridge Corporation компаниясына жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирет!