Штаб отурумуна Биринчи май районунун акиминин биринчи орун басары Жээнбек Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Биринчи май башкармалыгынын, Биринчи май району боюнча Мамлекеттик салык башкармалыгынын жана Мамлекеттик салык кызматынын ККН боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) ишке киргизүү, салыктардын түрлөрү жана жыйымдар боюнча жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу, ошондой эле болжолдуу көрсөткүчтөрдү ишке ашыруу үчүн кошумча булактарды аныктоо маселелери каралды.

Отурумдун жүрүшүндө бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, төлөмдөрдү чогултууну көбөйтүүгө багытталган чараларды иштеп чыгууга, ошондой эле салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча салык базасын көбөйтүүгө багытталган кадамдар талкууланды.
Натыйжада аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча кийинки отурумду өткөрүү чечими кабыл алынды.