Шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык  инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда.

Шүкүров көчөсүндө шаар тургундары муниципалдык аймакка кирип кеткен тосмолорду өз ыктыяры менен бошотууга киришти.

Аталган көчөдө жол реконструкцияланат. Мындан 2 жыл мурун муниципалдык аймактын чегинен чыгып кеткен үй ээлерине муниципалитет түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Тилекке каршы, эскертүүлөр аткарылган эмес. Инспекция 5 күндүн ичинде менчик ээлери өз ыктыяры менен муниципалдык жер тилкелерин бошотуп берүүсү керектиги тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. Учурда  71 тосмо алынууга тийиш.

Шаардыктар тарабынан алдын ала көрүлгөн чаралардан кийин, өз ыктыяры менен 8 тосмо демонтаждалды.

Инспекция баш ийбеген үй ээлеринин тосмолору муниципалитет тарабынан демонтаждаларын эскертет.

Урматтуу шаар тургундары! Инспекциянын ишине байланыштуу кайрылууларды төмөнкү телефондорго калтырсаңыздар болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.