Муниципалдык унаа токтоочу жайларда тартипти калыбына келтирүү үчүн "Бишкек унаа токтотуу  жайлары жана унаа туруктары" муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча атайын окуулар уюштурулду.

Бишкек шаарынын ЖККББнын кызматкерлери жол кыймылынын эрежелери жана унаа токтотуучу жайларды кол менен башкаруу инструкциялары боюнча окуу өткөрүшүп, жаңсоолор эмнени билдирерин айтып беришти.

Окутуунун максаты – коомчулуктун көңүлүн буруу, Бишкек шаарынын көчөлөрүндө коопсуз унаа токтотуу, билимдерин бекемдөө болуп саналат.


Тартип сакчылары да жоопкерчилик тууралуу айтып, жол эрежесин сактоого чакырышты.

Урматтуу унаа сүйүүчүлөр! Жол эрежесин сактап, белгиленген жерлерге токтотууңуздарды суранабыз.