Биринчи май райондук администрациясында  пландуу кеңешме өттү.

Район башчысы Максатбек Сазыкулов орун басарлар, райондук кызматтардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана МАБ башчылары менен бир катар артыкчылыктуу милдеттерди талкуулады.

Мыйзамсыз сооданын алдын алуу, сугат, коомдук-саясий абал боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маселелер каралды.
2022-жылдын 5 ай ичинде жүргүзүлгөн 85 рейддин жыйынтыгында 50дөн ашык мыйзамсыз соода түйүндөрү жабылган, 70 миң сом өлчөмүндө айып салуу боюнча 21 протокол түзүлгөн. Ошону менен бирге, борбордук Ала-Тоо аянтынын жана Эркиндик бульварынын аймагын тартипке келтирүүнүн алкагында 30 соода түйүнү, балмуздак жана суусундук сатуучу 9 муздаткыч, 4 күч өлчөгүч жана 20 жыгач оюн курулмалары жоюлган.

«Бишкекжашылчарба» МИ билдиргендей, райондогу сугат 60 гектардан ашык аянтты ээлейт, анын 46,3 гектары арык менен, 16 гектары кудук менен сугарылат. Ошондой эле, 22 миң 900 чарчы метрге жакын аянт 4 атайын техника менен сугарылууда.

Райондук ички иштер бөлүмү 70тен ашуун милиция кызматкерлери коомдук-саясий кырдаалга көз салып, калктуу конуштардагы абал тынымсыз көзөмөлгө алынып жаткандыгын билдирди. Ар кандай митинг, пикет, массалык иш-чараларда да коомдук тартип жана коопсуздук камсыздалат.
Кеңешменин жыйынтыгында райондук кызматтарга тиешелүү тапшырмаларды көрсөтүү менен протокол түзүлдү.