Кыргызгидрометборборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда нормадан ашык ысык болуп жатат.

Быйылкы жылдын жай мезгили рекорддук ысыктан  жана орточо айлык температурадан ашып кетиши мүмкүн. Аномалдуу жылуулук - глобалдык жылуулуктун таасири.

Буга байланыштуу “Бишкексууканал” өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы шаардыктардан  ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну өтүнөт, анткени ал бүгүнкү күндө өтө курч көйгөйгө айланып, болуп көрбөгөндөй керектөөнү жаратат.

Ал эми жайкы мезгилде сууну пайдалануу эрежелери сакталса, көйгөй чечилиши мүмкүн.  Сугаруу иштерин  саат 00:00дөн таңкы 05:00гө чейин жүргүзүңүз.

Кранды ачардан мурун, ичүүгө суусу түгөнүп калышы мүмкүн болгон башка адамдар жөнүндө 7 жолу ойлонуңуз.

Биз сиздин аң-сезимиңизге жана активдүү атуулдугуңузга ишенебиз.