М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери үчүн Свердлов муниципалдык администрациясына таанышуу экскурсиясы уюштурулду.

Иш-чара экинчи курстун студенттеринин, университеттин жетекчилигинин, ошондой эле муниципалдык администрациянын кызматкерлеринин катышуусу менен өттү.

Башчынын биринчи орун басары Руслан Бекназаров балдарга муниципалдык кызматтагы иши жөнүндө маалымат берип,  кызыккан суроолоруна жооп берди.

Жолугушуу диалог форматында өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында студенттер өндүрүштүк практиканы администрациядан  андан ары өтүүгө чакырылды.