Абоненттик базанын көбөйүшүнө байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасы чарбалык иш-аракеттерден түшкөн каражатка жаңы конус контейнерлерди сатып алды.

Ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында жергиликтүү заводдон 100 контейнер сатып алдык.

Бул контейнерлерди эскилери жараксыз абалга келген жерлерге коюу пландалууда. Анткен менен кээ бир иштеп жаткан контейнерлерди андан ары пайдалануу үчүн оңдоо маселеси да каралат.

Контейнерлердин сапатын сактоо үчүн аларды жылдырганга, ичиндеги таштандыларды өрттөгөнгө жана  курулуш таштандыларын, ошондой эле оттун  күлүн таштаганга болбойт.

Урматтуу шаардыктар! Уурулукка, дөңгөлөктөрдүн жана контейнерлердин сынганына күбө болсоңуз, WhatsApp: 0707486162 номерине фото же видео жөнөтүңүз.