Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы № 73 орто мектебине кошумча имарат курууну активдүү улантууда.

Үч кабаттуу жаңы имарат 525 окуучуга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 4652,3 м2.

Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 25% аяктады: котлованды, подетонкаларды, темир бетон пайдубалын, ленталык фундаментти орнотуу иштери. Сырткы электр тармактары орнотулуп, пайдубалы кайра толтурулуп, 1-кабаттагы колонналарды орнотуу иштери аяктады.

Подряддык уюм сырткы даараткананы куруу, сырткы суу түтүгүн жана канализацияны орнотуу, рамаларды (колонна, 2-кабаттагы ригель) орнотуу боюнча иштерди улантууда. Ошондой эле көрктөндүрүү иштери башталды.

Белгилей кетсек, окуу корпусу негизги жана көмөкчү жайлар менен долбоорлонгон: окуу класстары, ашкана, жыйындар жайы, көркөм костюм бөлмөсү, кампа, жуунучу бөлмө, спорт залы, медициналык кабинет, процедуралык бөлмө, лабораториялар ж. б.

Мектептин аймагында спорттук аянтчаны (футбол, баскетбол, воркаут ж.б.), метеорологиялык жана географиялык аянтчаны, кыймылдуу оюндар үчүн аянтчаны куруу пландалууда.

Мындан тышкары, мектепти көрктөндүрүү иштери сквер курулушу менен пландаштырылган. Анда жүздөн ашык бак-дарактар жана бадалдар, 1530 м2 газондор жана 265м2 көп жылдык гүлзарлар отургузулат.

Келишимге ылайык курулуш иштерин “Адис строй” ЖЧКсы республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүүдө.