Капиталдык курулуш башкармалыгы Орозбеков көчөсү, 72 (Киев, 98) дареги боюнча жайгашкан административдик-башкаруу имараты жана Жибек-Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги №2 социалдык мончону бузуу боюнча иштерди сатып алууну жарыялады.

Орозбеков көчөсү,72 (Киев 98) дареги боюнча административдик-башкаруу имараты өткөн кылымдын экинчи жарымында долбоорлонгон жана курулган аз кабаттуу имарат.

Жибек-Жолу проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишиндеги №2 социалдык мончо 10 жылдан бери авариялык абалда деп таанылган. Имарат 1958-жылы пайдаланууга берилген жана андан бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

Бишкек шаарынын мэринин протоколдук тапшырмасы боюнча эски имаратты бузуу менен жаңы социалдык мончо куруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жаңы мончо-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн долбоорлоо-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Конкурстар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды: www.zakupki.gov.kg