“Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасындагы имараттардын дубалдарынын бирине залкар манасчы Саякбай Каралаевдин сүрөтү тартылып жатат. Сүрөттү чебер сүрөтчү Таштанбек Ибраимов тартууда. Сүрөт жеке демөөрчүнүн, тактап айтканда Саякбай Каралаевдин небереси Алмаз Тиленовдун каржылоосу менен тартылууда.

Эске салып айтсак,  азыркы учурда “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасында Бишкек шаарынын тургундарын жылуулук жана ысык суу менен камсыздоочу отказандарды оңдоп-түзө, кышка даярдоодон тышкары ишканага караштуу №5 коомдук мончону оңдоп-түзөө, ошондой эле  кызматкерлер үчүн футбол аянтчасын куруу,  ишкананын имаратын кооздоп, көрк берүү боюнча алгылыктуу бир топ жакшы иштер аткарылууда.