Свердлов районунда үлүштүк гранттар боюнча кеңешме өттү.

Кеңешмеге Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Шаршенбай уулу Руслан  катышты.

Комиссия  гранттык каржылоо конкурсуна катышуу үчүн келип түшкөн 14 арызды карап чыкты, долбоорлордун жалпы суммасы 7 325 413 сомду түздү. Ал эми гранттык каражаттардын суммасы 4 145 566 сом.

Маалымат үчүн: гранттар Бишкек шаарынын аймактарын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу долбоорлорду каржылоого багытталат.

Бул программанын максаты коомдук активдүүлүктү жогорулатуу жана шаардын турмуш-тиричилигин, коммуналдык жана башка маселелерин өз алдынча чечүү жөндөмүн калыптандыруу болуп саналат.

Гранттардын эсебинен жергиликтүү жамааттардын долбоорлорун каржылоо шарттары жөнүндө маалымат алуу үчүн 0 (312) 43-38-91 номерине кайрылууга  болот.