Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Өргө жаңы конушундагы Ашар көчөсүндөгү бакчаны (сквер) курууга тендер жарыялады.

Тендер чектөөсүз, эки пакеттүү сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 27-июнда жарыяланган, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 11-июлуна чейин. Тендер 132 907 059 сомго жарыяланды.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында: www.zakupki.gov.kg