Свердлов акимиаты кароосуз калган жашы жете электерди, ошондой эле кайыр сурап, оор балдар эмгеги менен алектенген балдарды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрөт.
Рейд Свердлов районунун ИИБ, ПББ, СӨБ, МАБ жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлеринин катышуусу менен өттү.
Күндүз ЦУМ "Айчурек" , ГУМ "Чынар", борбордук жана райондук мечиттер текшерилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө борбордук мечиттин аймагында балдары бар 5 кайырчы аял жана 10 бала аныкталды, алардын ичинен 2 бала интернат тибиндеги мамлекеттик мекемелерге жеткирилди.
Түнкү убакта жашы жете элек балдардын топтолгон жерлери: компьютердик клубдар, соода комплекстери, "Аламедин", "Мадина", "Чынар" базарлары, "Глобус", "Народный", "Фрунзе" супермаркеттери, ГУМ "Чынар" ЦУМ "Айчурек", кафелер текшерилди. Текшерүүдө түнкүсүн чоңдордун коштоосуз жүргөн 4 жашы жете элек бала аныкталды.
Профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин 2 бала ата-энесине жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди, 2 жашы жете электер КР ИИМинин жашы жете электердин укук бузууларын алдын алуу борборуна жеткирилди.