№13 мектеп-гимназиясынын базасында билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин,  Ленин районунун билим берүү борборунун  директору Таалайгүл Темирканованын жана Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Мирлан Асиловдун катышуусунда жолугушуу өттү.

Жыйында аттестаттарды тапшыруу, бүтүрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо сыяктуу маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 21-июнундагы буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө аттестаттарды жана жалпы орто билим жөнүндө күбөлүктөрдү тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт:
-2022-жылдын 5-июлунда саат 9.00дө 9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн;
- 2022-жылдын 7-июлунда саат 9.00 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн.

Райондук билим берүү борборунун жооптуу кызматкерлери  укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте салтанаттуу иш-чараны  өткөрүү мезгилинде кызматта болушат.

Буйрук аткарылбаган учурда жана мүмкүн болгон окуяларда мектеп директорлорунун, завучтардын, мугалимдердин жоопкерчилик чаралары каралат. Аттестаттарды салтанаттуу тапшыруу аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт.