Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгы Ак-Ордо конушундагы Курсант көчөсүнүн жеке менчик суу түтүктөрүн алмаштырууга тендер жарыялады.

Ошол эле учурда Ала-Тоо конушундагы Байчечекей көчөсүн Кызгалдак көчөсүнөн Улук-Тоо көчөсүнө чейин таза суу менен камсыздоого сынак жарыяланды.

Сынак чектөөсүз, эки пакеттүү сатып алуу ыкмасы колдонулуп, 28-июнда жарыяланган, сунуш берүүнүн акыркы мөөнөтү 2022-жылдын 12-июлуна чейин.

Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жайгаштырылган: www.zakupki.gov.kg