Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти “Велошеринг  – эс алуунун жакшы жолу” пилоттук долбоорун баштайт.

Долбоор Бишкек шаарындагы жол тыгындарын азайтуу, ошондой эле  сергек жашоо образын жайылтууга  багытталган.
Июль айынын башында эле мобилдик тиркеме аркылуу велосипед, самокат жана электросамокаттарды ижарага алууга болот.

Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасы менен Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча департаменти экологиялык транспортту ижарага берүү боюнча  80  ижара жайын уюштурат.