Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Башчы өзүнүн куттуктоосунда бул кесип өзгөчө сапаттарды: боорукерликти, адамкерчиликти жана кээде чыныгы кайраттуулукту көрсөтүп, башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн медицина кызматкерлери өзүн тобокелге салууга даяр экендигин билдирди.
Эмгегиңиздер жана эрдигиңиздер үчүн, ошондой эле кесибиңерге берилгендигиңер үчүн ырахмат.

Биринчи май районунда Бишкек шаарындагы Ч.Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайда концерттик программа жана эсте каларлык белектерди тапшыруу менен майрамдык салтанат болуп өттү.

Биринчи май районунун дарыгерлерин райондун акими Максатбек Сазыкулов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Абдылабек уулу Манас, Айканыш Ашырова, Дамира Жолдошалиева, Элнура Дүйшекеева жана борбор калаанын вице-мэри Виктория Мозгачева чын дилинен куттукташты.

Ак ниет жана жан аябас эмгеги, жоопкерчиликтүүлүгү жана кесипкөйлүгү үчүн 37 медицина кызматкери муниципалдык администрациянын сыйлыктарына, анын ичинен 29 ардак грамота, 8 алкыш баракчасына ээ болушкан.

Биринчи май райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркел Ибраев да куттуктоо сөз сүйлөп, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саламаттыгына түздөн-түз кам көрүп жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, белектерин тапшырды.

Ленин районунун башчысы Русланбек Тагаев 13-гимназия мектебинин базасында саламаттыкты сактоо кызматкерлерин медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Ошондой эле райондун башчысы үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчисин  20 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Ак ниеттүү эмгеги, медицина тармагындагы жана кесиптик майрамдын урматына кошкон салымы үчүн мыкты иштеген саламаттык сактоо кызматкерлери муниципалдык администрациянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланып, белектер тапшырылды. Иш-чара райондун балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы жана Кыргыз Республикасынын эл артисти Б.Ыбыкеевдин жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери К. Раймалиевдин, Гүлназ Бекбосун кызы менен И. Воронцовдун аткаруусу менен коштолду.