Бишкек троллейбус башкармалыгында пландуу оңдоо цехинин 18 кызматкери троллейбустарды капиталдык оңдоо иштеринен өткөрөт.

Цехте оңдоо иштери боюнча слесарь, оңдоо иштери боюнча слесарь-электрик, жыгач уста, токарь, балка жана прессте темир уста, электр ширетүүчү, сүрөтчү, обойчу, компрессордук орнотмолордун машинисти иштейт.

Кызматкерлердин чоң тажрыйбасынын аркасында эки жуманын ичинде бир троллейбус капиталдык оңдоо иштеринен өтөт.

Айта кетсек, Пландуу оңдоо цехинде эмгектенген айрым кызматкерлер  10 жылдан ашык иштешет.

Чеберлердин колунан оңдолуп жаткан транспорттун жүк көтөрүмдүүлүгү 1 тоннаны түзөт.