Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров билим берүү мекемелеринин курулушун текшерүүнү улантууда. Бул ирет мэр 11 объектиде болду.

Ак-Босого конушундагы орто мектепте дренаждык жана жер казуу, бардык блоктордун таяныч дубалдарын бетон куюу жана капталын гидроизоляциялоо иштери бүткөрүлдү, ошондой эле бардык блоктордун пайдубалын толтуруу жана фундаментин бекемдөө иштери жүрүп жатат.

Көлмө конушунда мектептин курулушу улантылууда, ал жерде 1-кабаттын полун жабуу жана 1-кабаттын кирпич төшөлүшүн орнотуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. 5 блоктун казылышы, 5 блоктун фундаменти, 5 блоктун фундаменталдык плитасын орнотуу, аймакты кургатуу үчүн дренаждык тармактар бүткөрүлдү. Буу казанын жана короодогу даараткананы монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Мурас-Ордо конушундагы жалпы билим берүү мектебинде инженердик тармактарды орнотуу жана монтаждоо иштери аяктады. Бардык блоктордун бүтүрүү иштери, ошондой эле көрктөндүрүү жана фасаддын жасалгалоо иштери аяктоо стадиясында турат. Тосмолорду орнотуу жана тышкы суу түтүктөрүн туташтыруу иштери аткарылууда.

№75 орто мектеп-лицейинин курулушу 43% га бүттү. Мектеп 550 окуучуга ылайыкталган, жалпы аянты 5607 м2. Окуучулардын класстары менен бирге мектеп имаратында өзүнчө блокто бөлүнгөн эки кабаттуу музыкалык класс каралган. Музыкалык класстын жалпы аянты 424,18 м2. Ошондой эле мектептин аймагына газ отканасын куруу пландалууда.

Бүгүнкү күндө темир тосмолорду даярдоо, 1-кабатына кирпич төшөө, суу жана канализация, электр энергиясы үчүн ички инженердик тармактарды тартуу, тосмолорду орнотуу иштери жүрүп жатат. Курулуш иштерин «Эталон Винспецстрой» ЖЧКсынын подряддык уюму жүргүзүүдө.

№76 мектепте бекемдөө жана капиталдык оңдоо иштери 72% га аткарылган. Мектеп 360 орунга ылайыкталган. Имараттын түзүмү - 2 кабат, жалпы аянты - 2341 м2. Бул жерде  чатырды монтаждоо, сырткы дубалдарды бетондоо, терезе жана эшиктерин бекемдөө, тосмолорду орнотуу, ошондой эле дубалдарды кошумча бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин  «Арай» ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№10 орто мектептин имаратын капиталдык оңдоо жана бекемдөө иштери кызуу жүрүп, иш 79%га аткарылган. Мектеп 380 окуучуга ылайыкталган, жалпы аянты 2369 м2. Учурда аймакты көрктөндүрүү, цехти бузуу, плиткаларды төшөө, аймакка таман таштарды төшөө иштери башталды. Ишти  «Аргын курулуш» ЖЧКсынын подряддык уюму жүргүзүүдө.

№40 жалпы билим берүү орто мектебинде кошумча окуу корпусу салынууда. Курулуш иштери 50% бүткөрүлдү. Корпус 500 окуучуга ылайыкталган. Имарат 3 кабаттан турат. Жалпы аянты 4 137 м2. Окуу корпусу спорттук аянтча менен бирге долбоорлонгон.
Азыркы тапта сырттагы газ берүү системасын орнотуу, көрктөндүрүү иштери жана суу өткөрүү, канализация жана жарык берүү системалар орнотуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле 1 жана 2-кабатта ички тосмолордун кыштары коюлуда.  Курулуш иштерин "Лидер Хаус" курулуш компаниясы жүргүзүүдө.

№20 орто мектебинде кошумча имараттын курулуш иштери уланууда. Курулуш иштери 40% аяктады. Корпус 500 окуучуга эсептелген. Имарат 3 кабаттан турат. Жалпы аянты 5 035 м2. Окуу корпусу спорттук аянтча менен кошо долбоорлонгон.  Курулуш иштерин "Авангард Стиль" ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Алтын-Ордо жаңы конушунда жайгашкан жалпыга билим берүү мектебинде бардык  блоктордун жана ички инженердик түйүндөрдүн монтаж иштери аяктады. Мындан сырткары имараттын айланасы көрктөндүрүлүп, тосмолор орнотулду.
Курулуш иштерин "Ак-Бата" ЖЧКсы жүргүүзүдө.

Рухий-Мурас конушундагы орто мектепте спорт залдын, конференц-залдын темир-бетон каркасы жана ички канализация тармактарын куруу иштери аяктады. 2-кабаттын шыбын, 3-кабаттын колоннасынын каркасын, 1-жана 2-блокторду монтаждоо иштери аяктады. 3-кабатын жабуу үчүн опалубкаларды орнотуу, 1-2-блок жана спорт залдын кыштарын төшөө, 1-кабаттын 1-2-блоктору бүтүрүү баскычында. Конференц-залдын жана откананын кыш төшөө иштери жүрүп жатат.

№73 орто мектептин аймагына 3 кабаттуу окуу корпусу курулуп, иш 45%га бүткөрүлдү. Имарат 525 окуучуга ылайыкталган. Имараттын конструкциясы - 3-кабат, жалпы аянты - 4 652 м2. Учурда ал жерде сырткы даараткана, суу түтүктөрү жана канализация курулуп жатат. Жерди көрктөндүрүү иштери башталды, ошондой эле 3-кабатка каркастарды, тышкы жылуулук тармактарын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Курулуш иштерин подряддык уюм «Адис Строй» ЖЧКсы жүргүзүүдө.