Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Абдиев республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектептердин курулушун үзгүлтүксүз текшерүүдө.

Вице – мэр Алтын – Ордо жана Рухий-Мурас конуштарында мектептердин курулушун,  №6, № 20 жана № 73 орто мектептерине кошумча курулуштардын курулушун текшерди.

Ошондой эле "Жал – 29"кичи районунда бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Алтын-Ордо конушундагы  жалпы билим берүү мектебинде ички жана тышкы жасалгалоо иштери, эшиктерди орнотуу иштери, линолеум жана коридордун шыбын орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда мектептин аймагын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө: лотокторду, бордюрларды, короодогу даараткананы жана тосмолорду орнотуу.
Курулуш иштерин "Ак-Бата"ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

Рухий-Мурас турак жай конушундагы жалпы билим берүүчү мектепте бардык блоктор боюнча имараттардын каркасы жана биринчи кабатка кирпич коюу аяктады. Ошондой эле канализациянын жана суу түтүктөрүнүн тышкы тармактары, от казанынын пайдубалы, көмүр жана күл кампасы аяктады.

Биринчи жана экинчи блоктун 2 жана 3-кабатындагы дубалдарды орнотууга даярдануу иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин "Рамзан"ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№6 мектеп-гимназиясы  автордук окуу-тарбия комплексинде  спорт залы жана жыйындар жайы менен кошумча корпус курулууда. Бул жерде 2-кабатка кирпич коюу, электр жумуштары жана металл фермаларын жасоо иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштерин "Капитал Курулуш"ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№ 20 орто мектебинде 500 окуучуга ылайыкталган кошумча корпус курулууда. Мектепте 2 жана 3 блоктордун кирпичтерин төшөө, 3-блоктун тосмосун орнотуу, ички электр менен жабдуу жана аймакты көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
Курулуш иштерин "Авангард стиль"ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

№ 73 жалпы орто билим берүү мектебинин аймагында үч кабаттуу окуу корпусу 525 окуучуга ылайыкталган. Бул жерде сырткы даараткананы куруу,  сырткы суу түтүгүн орнотуу, 1,2-кабатка кирпич коюу боюнча иштер жүрүп жатат. Көрктөндүрүү боюнча жер иштери башталды.

Курулуш иштерин "Адис Строй"ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.

"Жал-29 " кичи районунда 140 орундуу бала бакча курулуп жатат. Бул жерде көлөкө чатыры, кафель, терезе , тактай полу, тышкы тармактарды орнотуу иштери башталды. 1, 2-кабаттагы шыбак уланууда. Ошондой эле, тосмолордун пайдубалын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Курулуш иштерин "Улар Транс"ЖЧК подряддык уюму жүргүзүүдө.
Текшерүү  учурунда вице-мэр курулуш иштеринин темпин жана графиктерди сактоону күчөтүүнү талап кылды.