Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин, ошондой эле Бишкек, Москва, Санкт-Петербург шаарларынын жана Россия Федерациясынын башка аймактарынын ортосундагы кызматташуу программаларын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап,
эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Өз кезегинде элчи Бишкек шаарынын мэрине кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, Россия Федерациясынын башка шаарлары менен достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.