Учурда Октябрь райондук администрациясы менен «Комтранском» ЖЧКсынын ортосунда көптөгөн мыйзам бузуулар жана катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу графиги бузулгандыгы боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Өз кезегинде “Комтранскомдун” өкүлдөрү техникалык көйгөйлөр жаралып, бүгүнкү күндө кырдаалды жөнгө салганын түшүндүрүштү. Октябрь районунда чогулган таштандылардын алуу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 2016-жылы “Тазалык” ишканасы тарабынан жарыяланган пилоттук долбоордун алкагында Октябрь районунан катуу таштандыларды чыгаруу жеке компанияга өткөн. Пилоттук долбоордун жеңүүчүсү деп «Комтранском» ЖЧКсы таанылган.